Бүгүн, 16-октябрда ички иштер министри
Мелис Турганбаев иш сапары менен Кыргызстандын түштүгүнө барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түштүктөгү облустардын Ички иштер башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзүү пландалган. Мелис Турганбаев милициянын оперативдүү-кызматтык ишмердүүлүк уюмунда болуп, алардын материалдык жана техникалык жактан камсыздандырылганы менен таанышмакчы.
Түштүк аймактар боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө министр коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү камсыздоо маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.