Бүгүн, 29-январда Кадамжай шаарынын мэри шайланат

Бүгүн, 29-январда Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэри шайланат. Айта кетсек, 28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстанда 20 шаардын мэрлери жана 250 айыл өкмөт башчылары шайланат. Кечээ өлкөдө 12 шаар жана 65 айыл өкмөтүндө шайлоо болуп өттү. Шайлоо күнү депутаттардын санынын аздыгы жана мэрлик кызматка ат салышкан талапкерлердин жетиштүү добуш ала албаганына байланыштуу айрым шаарларда мэр шайланган жок. Алардын бири Баткен шаары. Мэр шайланбай калган шаарларда кайрадан шайлоо өткөрүлө тургандыгы айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан