Акыркы 9 айда республика аймагында 14 тоннага жакын мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңгизат алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, баңгизатка байланышкан 1543 кылмыш аныкталган. Ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 143 килограмм героин, 135 килограмм гашиш, 1,5 тонна марихуана, 8,5 тонна каннабис жана башка баңгизаттар алынган. Учурда баңги каражаттарына байланышкан кылмыштардын санын азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат.