Өткөн сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Ата районундагы “Асфальт-бетон” ишканасынын аймагында 80 чарчы метр чуңкурда кара чайыр күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.