Маалым болгондой, сүрөттөрдү тарткан 20га жакын бала өздөрү да көргөзмөгө катышып, белгилүү сүрөтчүлөр менен таанышмакчы. “Бул көргөзмөдө бишкектиктер Кыргызстандагы сүрөтчүлөрдүн бир нече муунунун эмгектери менен таанышып, чыгармачыл балдардын ички дүйнөсүн жана алардын ой толгоолорун сүрөт аркылуу көрө алышат”,- дешет уюштуруучулар.
Кошумчалай кетсек, көргөзмө 31-октябрга чейин уланат.