Бишкекте кечээ, 16-октябрда Биринчи Май районунда Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Социалдык кызматкерлер күнүнүн урматына жергиликтүү бюджеттен 499,9 миң сом бөлүндү. Анын ичинен райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 202,6 миң сом, карылар үй-интернатына 237,2 миң сом, “Коломто” муниципалдык мекемесине 60,1 миң сом каралды.
Андан тышкары Биринчи Май райадминистрациясынын башчысы Аскарбек Алиев райондун социалдык коргоо тармагында үлгүлүү жана ак эмгеги үчүн Ардак грамотасы менен райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана “Коломто” муниципалдык мекемесин сыйлады.