Марокконун Футбол федерациясы Эбола вирусунан коргонуу үчүн 2015-жылы футбол боюнча Африканын чемпиондугун өз үйүндө өткөрүүдөн баш тартты. Марокконун өкмөтү бул чечим тууралуу Африканын Футбол конфедерациясына билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Биз марокколуктардын коопсуздугун сактоо үчүн ушундай чечимге келдик. Бул чечимибиз үчүн өкүнбөйбүз жана акыр-аягына чейин ушул принципте турабыз”,- деп билдиришет бийлик өкүлдөрү.
Кошумчалай кетсек, Африканын улуттук курамалар арасындагы чемпиондугу 2015-жылы 30-ирет уюшулмакчы. Марокко баш тарткан соң мелдештин кайсы мамлекетте өтө турганы суроо бойдон калууда. Азырынча Түштүк Африка Республикасы кабыл алуусу мүмкүн экени айтылууда.