Нарын шаарынын имамдары экстремизмдин алдын алуу боюнча эки күндүк тренингге катышышты

Нарын шаарынын имамдары 13-14-октябрь күндөрү “Кыргыз Республикасында зомбулукка таянган экстремизмдин алдын алуу дареметин күчөтүү” деген аталыштагы эки күндүк тренингге катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тренингдин алкагында КМДБ, УКМК, ИИМ, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан келишкен өкүлдөр өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулашып, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов имамдарга лекция окуду. 

Тренингдин негизги максаты калк арасына динди туура жеткирип, карапайым калкты адашуудан, туура эмес багыттагы терс агымдардан коргоо болуп саналат деп белгиленет маалыматта.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан