Нарын облусунда эл көмүр менен 70 пайызга, бюджеттик мекемелер 100 пайызга камсыз болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Аскер Насирдинов билдирди.
Анын айтымында, облуста 54 көмүр сатуучу база бар. Базадагы көмүрдүн тоннасы учурда 1930 сомдон 3450 сомго чейин болууда. Ал эми 1 тонна көмүрдүн базардагы баасы 2500-3500 сомду түзөт.