Маалым болгондой, “XXI кылым билим мейкиндигиндеги исламдын баалуулуктары жана идеалдары” аттуу VII эл аралык илимий-практикалык конференция 16-17-октябрь күндөрү Орусия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өтүүдө. Анын алкагында XXI кылымдагы исламдагы билим берүү тармагы, дүйнөлүк көз караштагы диний толеранттуулуктун принциптери, исламдын баалуулуктары жаатындагы бир катар маселелер талкууланмакчы.