Бишкекте мээрман айымды жана анын 6 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип 32 жаштагы адам кармалды

Бишкекте жаш кызды жана анын апасын зөөкүрлүк менен өлтүргөн деген шек менен 1981-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда туулган И.С. аттуу жаран кармалды. Маалыматтар боюнча, окуя төмөнкүдөй болгон: Кылмышка шектүү курмандыгы менен бир нече ай мурун интернет аркылуу таанышып, мамиле түзүп жүргөн. 25-январь күнү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектүү жаран аялды, анын 6 жашар кызын сабап таштаган. Аялды сабап, кызды муунтуп өлтүргөнү айтылууда. Окуя боюнча ушул эле күнү саат 01:30 чамасында милицияга Бишкек шаарындагы бир үйдүн өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр аталган дарекке барып, 1-кабатта жайгашкан үйдүн ичинен 1978-жылы туулган Р.Н. жана анын кызы 2006-жылы туулган Р.Мнын жансыз денесин табышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө үй атайылап өрттөлгөнү белгилүү болду. Көп узабай ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү колго түштү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирет Бишкек ШИИБи.   

Эне-баланын жаны кыйылды

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан