Шаарды көрктөндүрүү боюнча жарыяланган ландшафттык дизайн боюнча ачык сынакка 30 арыз келип түштү

Башкы архитектура жана КРнын Архитекторлор бирикмеси тарабынан шаарды реконструкциялоо жана сейил бак, гүл бакчаларды көрктөндүрүү боюнча мыкты ландшафттык дизайн түзүү боюнча ачык сынакка катышуучулар тарабынан 30 арыз келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган сынактын негизги максаты шаарды өнүктүрүү, сейил бак, гүл бакчаларды көрктөндүрүү, жашылдандырууда ландшафттык дизайндарды ачып көрсөтүү болуп саналат. 

Эске салсак, сынакка арыз берүү 27-октябрга чейин уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан