Ноокат районунда 28 жаштагы жаран айылдашынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү ооруканадан кайрылышкан. Анда 30 жаштагы жаран алган жараатынан улам каза тапканы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кармалган 28 жаштагы жаран маркумду сабап салганы белгилүү болгон. Учурда “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү болсо убактылуу кармоочу жайга киргизилди.