Бишкекте алдамчылыкка шектелип Орусиянын 26 жаштагы жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип Орусиянын 26 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран шаар тургундарына өзүн ар кайсы элчиликтердин өкүлүмүн деп тааныштырып, аларга виза алып берүү боюнча көмөк көрсөтөрүн айткан. Буга ишенген айрым жарандар алдын ала кызмат үчүн акча беришкен. Кылмышка шектүү акча колго тийгенден кийин дайынсыз болуп жоголуп кетчү.

Учурда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына бул жарандын алдамчылык иш-аракеттеринен жапа чеккен 2 жабырлануучу кайрылган. Эгерде кимде-ким бул жарандан жабыркаса, 0 771 15-78-04, 0 554 10-22-78 номурлары аркылуу кайрылса болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
furkat80
2014-10-17 14:20:44
кыргызбы
0
AMAH.
2014-10-17 16:06:53
Кыргыз окшойт.Турушун кара тоону томкоргонсуп
+2
kg_sulushka
2014-10-17 16:51:37
familiya aty kim eken?
0
iskra77
2014-10-18 02:46:45
Буга окшогон афералар Москвада тоооолтура! Кыйратам антем минтем деп байкуш бечараларды алдап акчаларын алып ошо боюнча коендун суротун тарткаааан боюнча жок.
0
gulperi.kg
2014-10-18 07:50:10
Мынча ХХХ
0
admin_portal
2014-10-20 11:23:39
gulperi.kg - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан