"Мамлекеттик кепилдиктер" программасы боюнча амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоого 9 ай аралыгында мамлекет тарабынан 17,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун расмий сайтында жайгаштырылган.
Маалым болгондой, берилген дары-дармектин ордун толтурууга жумшала турган каражаттын көлөмү 16,2 миллион сом же 93 пайызды түзсө, ал эми каржыланган сумма 15,6 миллион сом же 96 пайызды түзгөн. "Толук каржыланбай калгандыгына республикалык бюджеттен каражаттын 4 пайызга толук бөлүнбөгөнү себеп" деп белгиленет маалыматта.