Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү милиция кызматкерлерине Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну кайрылган. Анда аталган конуштун тургуну жашоочулардын тынчын алып жатканы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, аны кармоо учурда ал каршылык көрсөткөн. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.