Ош шаарында бир тууган ага-инилер Ахмед жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча III эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Шаардык спорт комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген 250гө чукул спортчу катышат. Жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.