1-январь – Жаңы жыл;
7-январь – Иса пайгамбардын туулган күнү;
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү;
8-март – Эл аралык айымдар күнү;
21-март – Нооруз майрамы;
1-май – Эмгек майрамы;
5-май – КРнын Конституциясынын күнү;
9-май – Улуу Жеңиш күнү;
31-август – КРнын Эгемендүүлүгүнүн күнү;
7-ноябрь – Улуу Октябрь социалисттик революция күнү.
Ал эми дагы 4 эс алуу күндүн пайда болушуна айрым майрамдардын жуманын дем алыш күндөрүнө туура келип калгандыгы себеп.
Мындан тышкары Орозо айт жана Курман айт мусулман майрамдары ай календары менен такталып белгиленет.