Сокулук районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза тапты

Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Жаңы-Жер айылынын жашоочусу, 23 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу ооруканага жетпей каза тапкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча текшерүү жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан