Жыл башынан бери Чүй облусунда 3996 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 фактыга аз. Ошондой эле 9 ай ичинде катталган кылмыштардын 72,2 пайызынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөдө катталган кылмыштын ар бир экинчиси Чүй облусунун аймагында болот. Буга ички миграция, социалдык-экономикалык абал себеп болуп жатканы айтылат.