29-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 514 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 150 метр куб, ал эми агып чыгышы секундуна 699 метр кубду түзүүдө. Былтыркы жылы бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 923 миллион метр куб болгон. Ал эми суунун агып кириши секундуна 189 метр куб, агып чыгышы 725 метр кубду түзгөн.