Жылнаама, 18-октябрь: Мындан 41 жыл мурун орусиялык актёр Сергей Безруков туулган

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыраткан. Камчы Көлбаев 2012-жылдын аягында "Манас" аэропортунан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ага "адам уурдоо", "бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү", "мыйзамсыз баңгизат сактоо" сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылган. 
 
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр Жан-Клод Ван Дамм Бельгиянын Беркем-Сент-Агат аттуу жеринде туулган. Жан-Клод Ван Дамм жалпысынан 50дөн ашык тасмада тартылган.
 
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык актёр Сергей Безруков Москвада төрөлгөн. Сергей Безруковду көрүүчүлөр “Бригада” сериалы аркылуу Саша Белый деп таанышкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы “Жылдын жүзү” сынагында “Жылдын актёру” наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков Орусиянын Эл артисти наамына татыган. 
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы орусиялык актёр Василий Лыкшин бул күнү "Ранетки" тасмасына тартылып бүткөндөн кийин кесиптештери менен коштошуп үйүнө келген. Келип уктоочу бөлмөгө кирип жаткан бойдон турган эмес. "Громовдор", "Акмактар" тасмаларындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон Василий Лыкшин 22 жашында көз жумган.
 
18-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан