Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "Кубанычбек Турдубаев суу тартыш көйгөйүн "Кыргызгидрометтин" моюнуна тагууда"

Бүгүн, 17-октябрда "Республика" фракциясынын жыйынында КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев энергетика тармагындагы кризис боюнча сүйлөп жатып суу тартыш көйгөйүн "Кыргызгидромет" кызматынын моюнуна тагууга аракет жасады. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 7-апрелинде "Кыргызгидромет" кызматы өлкөдөгү суу сактагычтарда жана дарыяларда апрель-сентябрь айларынын аралыгындагы суунун көлөмү боюнча божомолдорду чыгарган. "Бул божомолдор 100 пайызга туура чыккан. Бул тууралуу маалымат бардык тиешелүү мекемелерге таратылган жана ММКлар аркылуу жарыяланган",- деп түшүндүрөт министрлик.
"Суу тартыштыгы туура эмес гидрологиялык божомолдордон улам чыгышы мүмкүн эмес. Бул маселе суу ресурстарын так жана сапаттуу башкаруудан көз каранды",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Manasasman
2014-10-17 18:55:33
Министр болбой жатып ар кимге кунолорду одарып жатканын анан ушуга аферистке бийлик берип койбосо эле болду
0
Dadin1
2014-10-17 18:57:53
Манасасман, буга уже министрлик берилбейт,мурда соттолгону ачыкталгандан кийин кандидатурасын кароону кечээ куну токтотуп койушкан.
0
zman53
2014-10-17 19:14:31
Бул министр мырза Бакиевдин учурунда светтин баасын 1-50 тыйынга которулгондо да иштеп жургон.Муну кантип министр кылып жатышат.Тан калыштуу...
0
Patrik
2014-10-17 19:19:33
"Осурака арпа талкан шылтоо"
+1
myrza80
2014-10-17 21:19:58
Эми жон эле сууну саттык деп ачык эле айтпайсынарбы ойго келбеген нерсени суйлобой,бул же Атамбаевке кошааматчылыгыбы,же суу сактагычтагы сууну гидромет саттыбы?балким айтарсынар далили жок нерсени айтты деп.Откондо эле озбекстандын чондору суйлоду го биз сууну камдап алдык 2жылга жетет деп.Жерлерди да саткыла ага ошол Кыргызстан туптолуп аткандагы чондор айыптуу дегиле уяты жоктор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан