Кыргызстанда 6 айдан 2 жашка чейинки наристелердин арасында аз кандуулук жана башка оорулардын алдын алуу максатында тамакка кошуп бере турган "Гүлазыкты" өлкө аймагында чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда “Унду байытуу” программасынын айланасындагы суроолорду талкуулаган жыйында SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Ден соолук” борборунун жетекчиси Гүлмира Айтмурзаева билдирди.
“Буга чейин “Гүлазык” Индиядан алынып келчү. Анын сактоо мөөнөтү эки жыл гана болгондуктан, ал ченелүү өлчөмдө алынат. Бир даанасы 1 сомго айланса, аны алып келүү жол чыгымдары 5 сомго чыгып кетчү. 2013-жылы алынып келген “Гүлазык” толугу менен түгөнгөн. Кийин аны Кыргызстандан чыгарып көрдүк, ал Индиядан жасалган кошулмадан эч айырмаланган жок. Учурда аны өлкөдө чыгаруу пландалууда”,- дейт Г.Айтмурзаева.
Анын айтымына караганда, 6 айдан 2 жашка чейинки наристенин тамагына “Гүлазык” кошулмасынын 270 даанасын кошуп бериш керек. Бул кошулма балдардын өсүүсүнө оң таасирин тийгизет.
"Гүлазык" программасы айыл жергелерине ылайыкталгандыктан, эң биринчи региондордогу балдарга таратылып баштаган. Анын жыйынтыгы менен Талас облусундагы аз кандуулук менен жабыркаган балдардын саны 30 пайызга азайган",- деди Г.Айтмурзаева.