Жылнаама, 19-октябрь: Мындан 1 жыл мурун чөгүп кеткен "Титаник" лайнеринен табылган скрипка 900 миң фунт стерлингге сатылган

* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахманов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келген. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 2014-жылы 25-майда 67 жаш курагында дүйнө салган.
 
* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы кыргыз эстрада ырчысы Нурмат Садыров Токтогулдун Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарындагы ырлары: "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым".
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы 26 жаштагы мексикалык боксчу Франсиско Леал (57 килограмм салмакта) профессионалдар арасында жердеши Рауль Иралес менен болгон беттештин 10-раундунда тийген бир нече оор соккулардан нокаутка түшүп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ооруканада боксчу 3 күн жатып, бирок өзүнө келбестен каза тапкан. Боксчу профессионалдар арасында 31 беттеш өткөрүп, 20сында жеңишке жетип, 8 беттеште жеңилсе, 1 беттешти тең чыгуу менен аяктаган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы "Титаник" чөгүп жаткан убакта кемедеги оркестрдин жетекчиси Уоллес Хартли ойногон скрипка 900 миң фунт стерлингге, башкача айтканда, болжол менен 1,5 миллион долларга сатылган. Куткаруучулар Уоллес Хартлинин сөөгүн кеме чөккөндөн 10 күндөн кийин табышкан. Скрипка Уоллес Хартлинин көкүрөгүнө байлануу болгон. Ал Уоллес Хартлинин жакын адамы Мария Робинсонго өткөрүлүп берилген. Кийин скрипканын дайыны билинбей, 2006-жылы табылган.
19-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан