Осунбек Жамансариев: “Данияр Дунганов сотто анткорлонуп эсин жоготту”

"7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто Данияр Дунганов анткорлонуп эсин жоготту". Мындай билдирүүнү бүгүн, 29-январда “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, Дунгановдун эсин жоготуусун 7-апрель окуясынын жабырлануучулары анткорлук деп эсептейт. ”Мындай окуялар боло берет. Кимдир эсин жоготот, кагазын көргөзсө сот ишин токтотот” дейт жактоочу. Ал эми Данияр Дунгановдун жактоочусу Руслан Долаев: “Биз 7-апрелчилердин жүрүм-турумдарын жакшы билебиз. Ошондуктан алардын айыптоосуна таң калбайбыз. Дунганов дарыгердин уруксаты жок сотко келген”,- деди. Учурда Дунганов ооруканалардын биринин Жүрөк-кан тамыр хирургия бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылды. Эске сала кетсек, 28-январь күнү 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто айыпталуучу, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Данияр Дунганов күтүүсүздөн эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан