Айыл жериндеги энелердин төрөт учурунда каза табышына көп учурда алардын төрөткө даяр эместиги себеп болууда

Айыл аймактарындагы энелердин төрөт учурундагы өлүмдөрүнүн көп катталгандыгына алардын төрөткө даяр эместиги себеп. Бул тууралуу кечээ, 17-октябрда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун илимий башчысы Турсун Мамырбаева билдирди.

"Төрөт учурунда каза тапкан аялдардын көпчүлүгү кан кетүүдөн жабыркашат. Ага энелердин төрөткө эч кандай даярдыгы жоктугу, толук медициналык кароодон өтүшпөгөнү себеп болот. Ал нерсе көп учурда акча жоктуктун айынан келип чыгат. Анын үстүнө айыл жергесинде адистер жетишсиз, ал эми шаарга келип-кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок",- дейт Т.Мамырбаева.

Анын айтымына караганда, энелердин төрөт учурундагы өлүмүнө аз кандуулук, ар кандай инфекциялык оорулар да себеп болууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
010288
2014-10-18 14:25:49
шаарда деле барсан кыйратып карашпайт.мисалы мен торорумо 1ай калды каным канча экенин текшеришкен жок,бир дагы.
0
kg.sity93
2014-10-18 15:12:07
Поликлини а жакшы эле карашат.а тороорго келгенде акушеркаларга акча кыстарбасан жакшы соз айтып карашпайт эптеп эле тороп чыкса экен дешет..акча берип таанышын болсо козуну карап турушат
0
Zamknutaya92
2014-10-18 16:33:22
Негизи эрежесин так аткарсан төрөт жеңил болот анан эч кандай жоготуулар болбойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан