Аламүдүн районунда 57 жаштагы тургун эки атты атып салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кечээ, 17-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Жыгач айылынын 57 жаштагы тургуну милиция кызматкерине кайрылган. Анда ал белгисиз адам ок атуучу курал менен талаада оттоп жүргөн эки жылкысын атып салганын айткан. Окуя болгон жерге күч органдары барышып, кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1957-жылы туулган ошол эле айылдын тургуну экени аныкталган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат.