2012-жылы “Түндүк электр” ишканасы ар кандай курулуш иштерине 581 миллион 575 миң сом жумшаган. Бул каражаттын эсебинен Чүй облусуна 31, Бишкек шаарына 36 жана Талас облусуна 6 көмөк чордон курулган. Мындан сырткары аталган аймактарда жайгашкан 15 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу үчүн оңдоо иштерине жүргүзүлгөн. Буга кошумча аталган ишканага караштуу бир нече электр чубалгылары жаңылангандыгын билдирет "Түндүк электр".