Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну өз эрки менен милиция кызматкерлерине ок-дарыларды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү чабан мал жайып жүрүп, Талды-Булак айылына жакын жердеги тоодон Калашников автоматынын 810 даана огун таап алып, милиция кызматкерлерине тапшырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, табылган ок-дарылар Апрель окуясында жоголуп кеткени айтылууда.