Талас шаардык кеңешинин КСДП, "Ата Мекен", "Замандаш-Современник" жана "Ак шумкар" фракцияларынан турган "Реформа" көпчүлүк коалициясынын бардык депутаттары мандаттарын тапшырышты. Буга 28-январда өткөн Талас шаарынын мэрин шайлоо себеп болду. Айта кетсек, курамында 16 депутат бар көпчүлүк коалициядан мэрлик кызматка Адылбек Капалов, ал эми 15 депутат курамына кирген азчылык коалициядан Талас шаарынын учурдагы мэри Анарбек Кушубеков көрсөтүлгөн. Шайлоонун жыйынтыгында Кушубеков 17 добуш алып жеңишке жетишсе, Капалов 14 добуш алып калган. Тактап айтканда, көпчүлүк коалицияга кирген 2 депутат азчылык коалиция көрсөткөн талапкерди колдоп добуш бергендиги белгилүү болду. Буга байланыштуу көпчүлүк коалициянын депутаттары мындай жеке кызыкчылыгын көздөгөн депутаттар менен иштешүүнү каалабай турганын айтып, шаардык кеңешти таркатуу чечимине келишти. Бул тууралуу «Реформа» көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Айбек Сүйүнтбеков билдирди. Тийиштүү документтер Талас шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлө турганы белгилүү болду.