Кечээ, 19-октябрда Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү эпицентринде 3,5 баллга жетип, алдын ала маалыматтар боюнча анда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Анын очогу Ак-Жылга айылынан түштүк-чыгышты, Сары-Таштан 30 чакырым түндүк-батышты, Ош шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.