Нарын шаарынын казыяты тарабынан 19-октябрда 170 аз камсыз болгон үй-бүлөгө
1 тоннадан көмүр жана 3,5 килограммдан эт жардам катары таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта иш-чара атын атагысы келбеген боорукер жарандардын кайрымдуулугу болду деп белгиленет. Андан сырткары малынын зекети катары 40 койду берип, ал аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылган.
Ошондой эле өздөрү алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондордун көмүрлөрү үйлөрүнө жүк ташыган унаа менен жеткирилип берилген.