Бүгүн, 29-январда Ысык-Көл районунун Бостери айылында 4 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Иликтөө учурунда кармалган жаран аталган айылдын В.И. аттуу жашоочусу экени маалым болду. Буга байланыштуу Ысык-Көл РИИБи кылмышка шектүү адамга карата "баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана сатуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи маалымдады.