Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Манас көчөсүндө жайгашкан №185-үйдүн короосунан 4 тонна эндей чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ж.Эламановага таандык короодон чыккан өрткө кошунасынын 4 жашар баласы Э.Куттубековдун от менен ойногону себеп болгон.