Ош-Баткен унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза тапты

Баткен облусундагы Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Маалыматка караганда, 20-октябрда Ош - Баткен унаа жолунда бара жаткан Хонда унаасынын айдоочусу жүк ташуучу унааны сүзүп алган. 

Кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумган жана бир адам ар түрдүү жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгондордун денелерин унаадан алып чыгышкан. Бул тууралуу 20-октябрда Кадамжай РИИБинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азизбек Абдуллаев билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.kg
2014-10-20 13:34:05
кыргызга жол салсанда балээ салбасан дагы балээ
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан