Ош мамлекеттик университетинде Конфуций институту ачылат

Ош мамлекеттик университетинин алдында Кыргыз-Кытай өлкөлөрү биргеликте демилгелеген Конфуций институту ачылат. Бул тууралуу келишимге аталган окуу жайдын ректору Каныбек Исаков Пекин шаарында Кытайдын Ханьбань мамлекеттик билим берүү департаментинин башкы катчысы Сюй Линь менен жолугушуу учурунда кол коюлду. Окуу жай маалымдагандай, 2013-жылдан тартып кытай тарап аталган институтка 10 миллион сомго жакын каражат бөлүп, ага окуу куралдары, техникалык каражаттар сатылып алынат. Мындан сырткары Каныбек Исаков Кытайга болгон иш сапарында Синзянь педагогикалык университетинин алдындагы Манас таануу борбору менен тажрыйба алмашуу, биргелешип илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча да бир катар макулдашууларды ишке ашырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан