Бүгүн Бишкекте биометрикалык маалыматтарды массалык чогултуу башталды

Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте биометрикалык маалыматтарды массалык чогултуу башталды. Бул тууралуу КРнын Каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 50 стационардык түйүн ачылды. Алар Калкты тейлөө борборлору, Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин жана Транспорт жана айдоочуларды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, орто мектептер, КМКТАУ, Раззаков атындагы КМТУ, Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети, КЭУ, Туризм академиясы жана Чүй университетинде жайгашкан.

Кошумчалай кетсек, жаран биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жанында паспорт (ID-карта, жалпы жарандык паспорт, 1974-жылкы жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт) алып жүргөнү жетиштүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан