Назарали Арипов, депутат: "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы мамлекетке 40 миллион сом зыян келтирди"

Депутат Назарали Арипов "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы мамлекетке 40 миллион сом зыян келтирди" деп билдирди, 28-январда ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында. Ариповдун айтымында, бул компания инвестициялык келишимдин шарттарын бузгандыгы жана мамлекетке зыян келтиргендиги аныкталды. "Жумушчу топ текшергенде бир катар коррупциялык схемалар бар экендиги белгилүү болду. "Кыргызгаздын" 86 пайызы мамлекетке таандык болгондон кийин бул маселени иликтеп чыгыш керек. Кээ бир маалыматтар жашыруун деген шылтоо менен документтерди ала албай койдук. Ал жакта кандай саясат жүрүп жатканы белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан укук коргоо органдары, Башкы прокуратура бул маселени иликтөөгө алсын деген чечим чыгардык" деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан