Өздөрүнүн SIM-картасын каттоодон өткөрбөгөн Кыргызстандын мобилдик компанияларынын бардык абоненттери 2015-жылдын март айынан баштап өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда КРнын Мамлекеттик байланыш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамга ылайык, КРнын МБАда байланыш операторлордун жана абоненттердин ортосундагы өз ара аракеттеринин жаңы эрежелери киргизилди. Бардык мобилдик байланыш колдонуучулары 2015-жылдын март айына чейин өздөрүнүн операторлорунда номерлерин каттоодон өткөрүүсү керек.
КРнын МБАнын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 1-октябрына чейин байланыш кызматында көрсөтүлгөн келишимге ылайык, “Нур телеком” ЖЧКсына абоненттердин 34,5 пайызы (же 576 921 абонент), “Скай мобайл” ЖЧКсына 42,3 пайыз (1 миллион 120 147 абонент), ал эми “Альфа Телеком” ЖЧКсында 29,13 пайыз (801 705 абонент) катталган.