Кыргызстанда 18 жылдан бери 5,5 миңден ашуун адам ВИЧ илдетине чалдыккан, анын ичинен 1029у каза тапкан

1996-жылдан баштап 2014-жылдын 1-октябрына чейин өлкө аймагында ВИЧ илдетин алып жүргөн 5586 киши катталган. Алардын ичинен бул аралыкта 1029 адам аталган илдеттен каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүткан Чокморова билдирди.

Оору жуктургандар 2013-жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга өскөнү байкалууда. Дартка чалдыккандардын 61 пайызы баңгизат колдонгондор, калгандары жыныстык жол менен, энеден балага жана медициналык каражаттардан жуктуруп алгандар”,- дейт Ү.Чокморова.

Анын айтымында, жалпы оорулуулардын 30 пайызы Чүй облусунда, 20 пайызы Ош облусунда, 17 пайызы Баткен облусунда, 15 пайызы Жалал-Абадда, 15 пайызы Бишкек шаарында катталган. Ал эми калгандары Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү болуп чыгышкан. “Акыркы жылдан бери ийне аркылуу ВИЧ жугузгандардын саны азайып, жыныстык жол менен жуктургандардын саны өсүүдө. Буга акыркы жылдар ичинде ишке киргизилген "Метадон" программасы жана жаңы ийнелерди таратуучу жайлардын ачылышы себеп болууда”,- деп кошумчалайт Ү.Чокморова.

Илдетти алып жүргөндөрдүн ичинен 300гө жакынын балдар түзөт. Акыркы жылдар ичинде өз ыктыяры менен анализ тапшыргандардын саны өсүүдө. Текшерүүгө келбей жүргөндөрдү да эсептесе, ВИЧ жуктургандардын саны бир кыйла көп. 

Эске салсак, Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адам алгач 1996-жылы аныкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан