Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 26,08 пайызга аз болууда

20-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 773 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,08 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 249 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 238 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 378 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 328 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 20-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 946 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан