Улуттук банк 100, 200 сомдук мааракелик банкнотторду жүгүртүүгө киргизди

Бишкекте бүгүн, 20-октябрда жаңы көрүнүштөгү 100 жана 200 сомдук мааракелик банкноттор пайдаланууга кирди. 3 миң нускадан чыгарылган эстелик банкноттор расмий төлөм каражаты болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Токтогул Сатылгановдун 150, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата чыгарылган жаңы акчалардын актай тилкесине “Токтогулга 150 жыл” жана “Алыкул Осмоновго 100 жыл” деп жазылып, алтын түстө акындардын элестери түшүрүлгөн. Ошондой эле улуттук оймо-чиймелер тартылган.

Кыргыз валютасындагы 100 сомдук акчада Токтогул Сатылгановдун, 200 сомдукта Алыкул Осмоновдун сүрөтү бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан