ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин аталышын өзгөртүү сунушталып жатат

Бүгүн, 29-январда өткөн Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева өзү жетектеген бул комитеттин аталышын өзгөртүү демилгесин сунуштады. Анын айтымында, депутаттар да мамлекеттик кызматка кирет, ошондуктан тармактык комитеттин иш алкагын кеңейтүү керек. Эл өкүлү "депутаттык этика" деген сөздү "мамлекеттик кызмат" деген сөзгө алмаштырууну сунуштоодо. Буга депутат Гүласал Садырбаева ар бир мамлекеттик орган менен мекемеде мамлекеттик кызмат этикасы боюнча комиссия иштеп жаткандыгын айтып, аталган комитеттин атын өзгөртүүгө каршы экенин билдирди. Анын пикиринде, "депутаттык этика" деген сөз комитеттин иш милдетин так аныктап турат. Жыйынтыгында бул сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан