Орозбек Дүйшеев: "Жеке компания өкмөттүн чечимдерине жооп бербейт, ошондуктан "Кыргыз алтындын" акцияларынын арест болушу мыйзамсыз"

Өткөн аптада Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койгону маалым болгон. 
Бул боюнча 20-октябрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев: "Жеке компания өкмөттүн чечимдерине жооп бербейт, ошондуктан "Кыргыз алтындын" акцияларынын арест болушу мыйзамсыз",- деп билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз алтын" ишканасы Онтарио сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн доо арыз жөнөтөт. "Куттуу-Сай кениндеги маселе да чечиле элек. Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок болгондуктан, өкмөт маселени чече албай келет",- деди ал. Ошондой эле бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн тармакка тиешелүү адистерге кайрылуу керектигин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан