Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муун” саясий кыймылынын ачкачылык акциясы уланууда. Сейил бакта активисттердин талаптары жазылган кагаздар жана кишинин сөлөкөтү элдин көңүлүн бурдурууда.
Кошумчалай кетсек, саясий ачкачылык уюштуруп жаткан активисттер бийликке төрт талап коюшкан: электр энергиясынын баасын 1 сом 20 тыйындан 70 тыйынга түшүрүү, 3 фазаны кыркууну токтотуу, энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мурдагы жетекчиси Осмонбек Артыкбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Уюштуруучулар коюлган талаптар аткарылбаса, акциянын улана берерин жар салышкан.