Аламүдүн районунун Гроздь айылына жаңы мүрзө курууга 84 гектар жер бөлүндү

Бүгүн, 29-январда  Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав  Красиенко Аламүдүн районундагы Гроздь айылына жаңы мүрзө куруу маселеси чечилгенин билдирди. Мэрия менен Аламүдүн районунун администрациясы ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, мүрзө курууга 84 гектар жер берилмей болду. "Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин алдында талкууланып, жаңы мүрзөнү курууга 20 миллион сом бөлүп берүү каралат. Бул каражат мүрзөнүн айланасын тосуу, суу менен камсыздоо жана анын кызматкерлерине шарт түзүп берүү үчүн бөлүнөт. Май айында алгачкы өлүктөр көмүлүп баштайт",- деди Красиенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан