Бишкекте өткөн аптага салыштырмалуу бензиндин баасы бир аз арзандады. Мурунку аптада борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри
49 сом 90 тыйын болсо, учурда
49 сом 30 тыйындан сатылууда (60 тыйынга арзандады). АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри
40 сом 90 тыйындан (бир апта мурун 41 сом 90 тыйын болчу), АИ-95
51 сом 80 тыйындан (бир апта мурун 53 сом 20 тыйын болчу) сатылып жатат. АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы учурда
55 сом 40 тыйын (өзгөрүүсүз). Ал эми дизель майынын баасы
43 - 43,50 сом болууда (30-50 тыйынга арзан). Айта кетсек, айрым май куюучу жайларда баалар өзгөрүүсүз калууда.