Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө жарандык коомчулук тарабынан майрамдардын санын кыскартуу сунушталды.
“Кыргызстанда жакыр жашаган үй-бүлөлөр жеткиликтүү эмес акчалай жардам алышат. Мындан улам борбор калаада акча сурап жүргөн балдарды көрүп жатабыз. Селсаяктардын саны да көбөйүүдө. Өкмөт бул маселеге көңүл буруусу керек. Чет өлкөлүк коноктор келгенде аларды тосуп алуу, өлкө менен тааныштыруу жана узатууга бир канча акча бөлүнөт. Өлкөдө майрамдарды өткөрүүгө да бир топ акча каражат кетет. Ошондуктан айрым майрамдарды алып салуу керек. Ал эми үнөмдөлгөн акчаны социалдык тармакка багыттаганда туура болмок”,- дешти жарандык коомчулуктун өкүлдөрү.
Мындай сунушту каржы министри Ольга Лаврова туура деп тапты. “Ооба, өлкөдө майрамдардын санын кыскартууну толугу менен колдойм”,- деп пикири менен бөлүштү ал.