28-январь күнү Ош шаарында КРнын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Сыдыков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мартин Шустер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптын мындан аркы карым-катнашы тууралуу сөз болду. Мындан сырткары ЕККУ менен Ош шаарынын жергиликтүү администрациясынын өз ара кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө тууралуу маселе талкууланды. Айта кетсек, Мартин Шустер ЕККУнун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп 2012-жылдын 6-декабрында дайындалган.